• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 26-30-январда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу КР Өзгөчө крыдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 26-январда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -1…-6° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -18…-23°, күндүз -11…-16° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -22…-27° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -20…-25° суук болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

27-29-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жана кардын аз болушу күздүк себилген кылкандуу дан эгиндерине коркунучтуу, ошондой эле жемиш бактардын жана жер жемиштердин тоңушуна алып келиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын аймагында 26-30-январда күтүлгөн аба ырайы

26-28-январда айрым жерлерде бир аз кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

31-январда жана 1-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

31-январда жана 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

26-28-январда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-28-январда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

26-28-январда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-январда бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий