• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат, - деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бүгүн, 10-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, 10-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий