• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы, сел жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. 10-11-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-июнда күндүз жана 11-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ошондой эле 10-11-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий