• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Сак болуңуз, үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.19. /Кабар/. 27-28-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

28-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак кар көчкү тилкеси) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий