• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.04.18 /Кабар/. Келерки жумада республиканын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 9-11-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 11-12 апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

2018-жылдын 9-апрелинен 11-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 9-10-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

11-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. 11-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий