• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-апрелинде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Андан тышкары ӨКМден кабарлашкандай, 5-6-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 5-6-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле 5- 7-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий