• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Суук болуп, туруксуз аба ырайы сакталат

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба-ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий