• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 28-мартынан 30-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-,Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

28-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

“Андыктан жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл,-деп билдирет ӨКМ кызматы

Пикир

Оставить комментарий