• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 26-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"2020-жылдын 26-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий