• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2019-жылдын 29-декабрынан 31-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтен белгилешкендей, 2019-жылдын 29-декабрынан 31-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

"Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо жолдун көрүнүшү начарлап, автоунаалардын жолдо жүрүшүн кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий