• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. 31-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"31-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий