• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 29-мартынан 30-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында, Чоң-Ашуу ашуусу кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий