• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12нен 15-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий