• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 2019-жылдын 12-ноябрында Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор муз, тайгак болот", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, жолдо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Пикир

Оставить комментарий