• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автожолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

16–18-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Ушундай эле кырдаал Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий