• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлө тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-апрелден 3-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Андан тышкары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Пикир

Оставить комментарий