• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлүп, -2 градуска чейин суук болот

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар,-деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бүгүн, 11-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий