• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. 19-20-апрель күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы кабарлады.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий