Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. 2019-жылдын 30-апрелинде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Пикир
Оставить комментарий