• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. 26-июнда күндүз жана 27-28-июндарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-июнда күндүз жана 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбор кабарлайт.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий