• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!!!

Коом 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 3-5-октябрында туруксуз аба ырайы күтүлөт.КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланып, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 5-7-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий