• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдыг 2нен 3-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 11…16° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий