• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталат

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 14-апрелинде республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

2017-жылдын 14-апрелинен 16-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 14-апрелинде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республика боюнча сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий