• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталат

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 11-апрелинен 14-апрелине чейин республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: 11-апрелинде күндүз жана 12-апрелинде кээ бир райондордо, 13-14-апрелинде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 13-14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

Ошондой эле, 2017-жылдын 11-апрелинен 13-апрелине чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий