• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кайсы аймактарда?

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 10-15-март аралыгында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Алар:

- Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

- Бишкек - Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында;

- Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;

- Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;

- Казарман - Актал - Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);

- Казарман - Актал - Чат унаа жолунун 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);

- Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.

“Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий