• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Жаан карга айланышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-30-сентябрында түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, 30-сентябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

КР ӨКМ билдиргендей, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 29-30-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 11…16° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Буга байланыштуу ӨКМ тиешелүү чараларды көрүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий