• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шавкат Мирзиёев бүгүн Түркмөнстанга барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына барат.

Саммитте климат өзгөрүп жаткан азыркы шартта Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусуна байланышкан актуалдуу маселелер каралат. Анын жыйынтыгында Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

90-жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн Аралды сактоо фонду — Аралды сактоо жана ал аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлор менен программаларды каржылоого багытталган.

Гурбангулы Бердымухамедов Шавкат Мирзиёевди Түркмөнстанда өтө турган бул саммитке июндун аягында телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда чакырган.

Өзбекстан президенти былтыр Түркмөнстанга үч жолу барган. Ал сапарларынын жүрүшүндө Мирзиёев өлкөлөр ортосунда чечилбеген бир дагы маселе калбаганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий