• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шавкат Мирзиёев: Чек ара маселеси Садыр Жапаровдун саясий эрки менен чечилди

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда, Бишкекте президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Шавкат Мирзиёев эки өлкө эгемендүүлүккө жеткендер бери бири-бирин түшүнүүнүн жаңы деңгээлине жеткенин билдирди.

“Урматтуу делегациянын өкүлдөрү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүү өтө ишенимдүү таризде өтүп, шашпай, кылдаттык менен эки мамлекет ортосундагы мамиленин ар бир жагдайын карап, эч кандай суроо-көйгөйлөр калган жок. Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери эки өлкө мамилелери мындай дэңгээлге биринчи жолу чыгып жатат. Чек ара маселесин чечүүдө жеке колдоосу үчүн менин кесиптешим, урматтуу Садыр Нургожоевичке өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Эгер анын саясий эрки болбосо, анда бүгүнкү күндөгү жыйынтыкка жете алмак эмеспиз. Мурункудай эле “эртең же бүрсүгүнү жасайбыз” деп айтып койсо болот эле. Бирок 30 жыл өттү, бул маселелер чечилбей келген”, - деди Өзбекстандын лидери.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушуу өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий