• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди кечээ Казакстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн сайты кабарлады.

«Эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө Казакстан президентинин быйыл апрелдеги Өзбекстанга жасаган сапары жаңы дем берди. Анын жүрүшүндө достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө ниеттерибиз дагы бир жолу ырасталган», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда мамлекет башчылар өзбек-казак кызматташтыгы, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулаганы белгиленген.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады. Бул өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо болду.

Акыркы маалыматтарга ылайык, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,76 пайызын, Амиржан Косанов 16,02%, Дания Еспаева – 5,2, Толеутай Рахимбеков – 3,2, Амангельды Таспихов – 2,07, Садыбек Тугел – 0,92% алышкан. Жалпысынан добуш берүүгө жарандардын 77,4 пайызы катышкан.

Казакстанда мамлекет башчы беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Пикир

Оставить комментарий