• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шавкат Мирзиёев милиция менен аскер кызматкерлерине арыктоого алты ай убакыт берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-мартта Наманган облусуна болгон сапардын алкагында активисттер менен жолугуп, милиция жана аскер кызматкерлерин ашыкча салмактан арылууну талап кылды. Бул тууралуу Kun.uz жана Daryo.uz басылмалары жазышты.

"Бизге ашыкча салмактагы офицер, милициянын кызматкерлери кереги жок. Алар кылмышкерлерди кантип кармай алат? Спорт менен машыксын. Бул мага эмес, алардын ден соолугуна керек" – деди Мирзиёев.

"Биз аларга убакыт беребиз, 3-6 ай, ошол убакыттын ичинде өзүн карап, тартипке келтирип, ашыкча салмактан арылсын", - деди президент.

Эске салсак, Мирзиёев 2018-жылдын ноябрь айында медицина тармагындагы реформа тууралуу жыйында дагы ашыкча салмак тууралуу кеп кылган.

Пикир

Оставить комментарий