• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкер катары бекитилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. 30-майда Ишкерлер кыймылы менен Либерал-демократиялык партиянын 30-майдагы съездинде Өзбекстандын азыркы мамлекеттик башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрацияга жакын “Источник” Телеграм каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы “мегадолбоорлор”, Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунаалардын чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан.

Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёевди каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат.

Пикир

Оставить комментарий