• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиздин туулган күнүңүзгө карата менин чын ниет куттуктоолорум менен каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз. Кыргыз Республикасынын жооптуу мамлекеттик кызматтардагы Сиздин ишмердигиңиз жана өлкө менен элди өнүктүрүү жана гүлдөтүү максаттарына кызмат кылуу Сизге карата урматты Кыргызстанда гана эмес, анын сыртында дагы алып келди. Биз Сизди ар кыл өзбек-кыргыз достук мамилелерин, жакшы коңшулаштык жана ишенимди андан да кеңейтүү жана тереңдетүүнүн активдүү жана бекем тарапташы катары билебиз. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз. Бирдиктүү аракеттер менен Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары дагы дос элдерибиз жана мамлекеттерибиздин бакубаттуулугу үчүн өстүрө беребиз деп ишенем. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге узун өмүр, бекем ден соолук жана Сиздин жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бир тууган элине - тынчтык жана бакубаттуулук каалайм”, - деп өз куттукттоосунда Шавкат Мирзиёев белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий