• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик визитин тарыхый сапар катары баалайбыз — Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. «Биз Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарына өзгөчө маани беребиз жана бул сапарды тарыхый сапар деп баалайбыз», - деди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров «Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумун ачууда.

Иш-чарага Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өлкөдө өндүрүштүк-индустриалдык зоналарды, жогорку технологиялар паркын жана эркин экономикалык аймактарды колдоо инструменттери ырааттуу түрдө кеңейтилүүдө.

Анын айтымында, учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си - биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда.

«Биз ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстан Республикасынан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдарбыз. Бизде өзбек бизнесине сунуш кыла турган нерсебиз бар. Өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө жана ачык-айкын ишкерлик жана инвестициялык климатты түзүү аркылуу инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз. Улуттук деңгээлдеги объектилерге ири көлөмдөгү инвестициялар үчүн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери күчөтүлгөн «стратегиялык инвестор» өзгөчө статусун түзүү пландаштырылууда», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543,2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн.

«Биз өлкөлөрүбүздүн өндүрүшчүлөрүнүн, өндүрүүчүлөр бирикмелеринин, соода-өнөр жай палаталарынын жана башка бизнес-ассоциацияларынын ортосундагы байланыштарды активдештирүүбүз керек. Ошол эле учурда кызматташуунун эффективдүү механизмдерин түзүү, бюрократияны кыскартуу жана товарлардын жана инвестициялардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу менен бизнес чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын өнүктүрүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мамлекеттик сапар алкагында Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техниканы өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу пландаштырылууда.

«Бул биргелешкен ишкана үлгүлүү ишкана болуп, өз тармагында чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий