• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Щепкин атындагы жогорку окуу жайына бюджеттик негизде абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Россия Федерациясынын Москва шаарындагы “Россия Мамлекеттик академиялык Кичи театрынын” алдындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку окуу жайына 2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрдук чеберчилик боюнча "Драма театрынын жана кинонун актеру" адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу мөөнөтү 4 жыл. Окуу Россия Федерациясынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

Ал үчүн төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүү жана аткаруу зарыл:

1. Көркөм прозалык чыгармалардан монолог айтуу (3-7 мүнөт).

2. Тамсил. (2-5мүнөт)

3. Этюд. Маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу. (2-4 мүнөт).

4. Ыр. Поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу. (1-3 мүнөт).

5. Ыр. Обондуу чыгармалардан ырдоо же бий өнөрү боюнча бийлеп берүү ( 2-5мүнөт)

Окуу жайга кабыл алуу 3 турда өткөрүлүп, атайын түзүлгөн комиссиянын курамынын кароосунда тандалат.

1. Тур:

Кыргыз Республикасынын жети облусунун борбор шаарларындагы театр оюн-зоок мекемелеринин имаратында 2021-жылдын 20-февралына чейин;

2 - Тур: Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-мартына чейин, Б. Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт. Дареги: Бишкек шаары: Ю. Абдрахманов көч, 230. (0312) 67 05 87.

Сурап билүү үчүн:

Бишкек шаары боюнча: Ю.Абдрахманов көч, 230. Б. Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры; тел: (0312) 67 05 87;

Чүй облусу боюнча: Бишкек шаары, Ю.Абдрахманов көч, 230. Ш. Термечиков атындагы театры; тел: (0312) 67 11 16;

Ош облусу боюнча: Ош шаары, Курманжан көчөсү, 162 Ош улуттук С. Ибраимов атындагы драма театры тел: (03222) 2 45 63, 2 56 57;

Нарын облусу боюнча: Нарын шаары, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театры.

Нарын шаары, Ленин көч, 96 тел: (03522) 5 11 05;

Ысык-Көл облусу боюнча: Каракол шаары, Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры. Каракол шаары, К. Тыныстанов көч, 32 тел: (03922) 5 11 36, 5 11 37;

Жалал-Абад болусу боюнча: Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры. Жалал-Абад шаары, Токтогул аянты тел: (03722) 2 39 93, 6 00 80;

Баткен облусу боюнча: Баткен шаары, Баткен облустук А. Жайнаков атындагы музыкалык драма театры. Баткен шаары Т. Садыков көч, 2 тел: (03622) 5 11 02;

Талас облусу боюнча: Талас шаары, Талас облустук К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театры. Талас шаары, Ч. Айтматов көч, 351 тел: (03422) 5 44 70, 5 31 80.

3-Тур: Эки тур жыйынтыкталгандан кийин кошумча кабар берилет.

Пикир

Оставить комментарий