• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шенген зонасына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үчүнчү өлкө жарандарынын Шенген зонасына 30 күнгө киришине тыюу салууга макулдашты. Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

Анын айтымында, Германия өз чек арасы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү токтотту. Чектөө жакында альянстан чыгып кеткен Британия жарандарына да тиешелүү.

Шенген зонасына кирүүгө тыюу салынарын күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да кабарлаган.

Шенген зонасына ЕБнын көптөгөн өлкөлөрү, андан тышкары Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бул өлкөлөр арасында чек ара көзөмөлү жок. Бирок учурда бир катар мамлекеттер чек араларын жабууга аргасыз болду.

Пикир

Оставить комментарий