• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шентоп: Түркия Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Түркия Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда боордош эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Түркия менен боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. "Алсак, эки өлкө ортосундагы калыптанган саясий диалог жогорку деңгээлде сакталып келет. Биздин биргелешкен аракетибиз мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин", - деди ал.

Мындан тышкары, парламенттер аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага ТүркПАнын алкагында боордош мамлекеттердин өнөктөштүгүн арттыруу зарылчылыгын кошумчалап, Чолпон-Ата шаарында өтө турган отурумда бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынарын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Түркия Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин айтып, анын ичинен парламенттер аралык алакалар артыкчылыкка ээ экенине токтолду.

Ошондой эле депутаттык достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү керектигин жүйө келтирген Мустафа Шентоп эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасын Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий