• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжи абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, документтерди кабыл алуу электрондук түрдө аралыктан жүргүзүлөт.

Абитуриенттер документтердин сүрөт/сканер көчүрмөсүн +996 (554) 14-08-91 Whatsapp номерине жөнөтүшү керек:

- кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын атына арыз (Whatsapp байланыш номерин көрсөтүү керек);

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- сүрөт 3х4 (8 даана)

- абитуриенттин ден-соолугу жөнүндө ата-энесинин жазуу жүзүндө билдирүүсү;

- мектеп директору тарабынан күбөлөндүрүлгөн окуучунун жетишүүсү тууралуу табели жана өздүк делосу;

- спортчунун зачеттук классификациялык китепчеси;

-портфолио (разряд ыйгаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, спорттук түрлөр боюнча федерациялар же абитуриент катталган (БӨСМ, ОРАБӨМ) мектеп тарабынан күбөлөндүрүлгөн 2018-2019 жылдарга карата республикалык жана эл аралык мелдештердин протоколдору);

Берилген документтердин аныктыгы үчүн окуучунун ата-энеси/машыктыруучу-окутуучусу (8-класска кабыл алууда) жана абитуриент (1-курска кабыл алууда) жооптуу.

Колледжге тапшыруу:

2020-жылдын 10-23-августунда – документтерди кабыл алуу;

2020-жылдын 24-25-августунда – документтерди карап чыгуу;

2020-жылдын 26-27-августунда – предметтик экзамендер.

Кабыл алуу эрежелери, кабыл алуу комиссиясынын чечимдери жана кабыл алуунун жыйынтыгы колледждин сайтында www.sport-sydykova.net.kg, фейсбук https://www.facebook.com/rsk312 жана инстаграм @rsksydykova баракчаларында жарыяланат.

Суроолор боюнча +996 (554) 14-08-91 телефон номери аркылуу кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий