• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шербек Токтомушев бодибилдинг боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык Шербек Токтомушев бодибилдинг боюнча Diamond Cup – 2019 эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында жарыяланды.

Мелдеш 15-18-ноябрда Индиянын Аурангабад шаарында өтүп, ага 20 өлкөнүн спортчулары катышты.

Токтомушев эки салмак ченинде катышкан. 90 кг салмакка чейинкилер арасында алтын медалдын ээси болду. Ал эми, абсолюттук категориясында үчүнчү орунга илинди.

Кыргызстандык спортчуга беделдүү "Кечки чемпиондор" жана "Арнольд Классик" мелдештерине катышууга уруксат берилчү Pro card сыйлыгы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий