• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Шереметьево” аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар чек ара пунктунан өтүштү – элчилик

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандан “Шереметьево” эл аралык аэропортуна 2021-жылдын 6-октябрында учуп келген кыргызстандыктар көзөмөл-өткөрүү пунктунан өттү, деп билдирет Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда Кыргызстандан “Шереметьево” эл аралык аэропортуна эртең менен үч рейс болгон, акыркысы саат 09:42те конгон, Россияга кирүүгө тыюу салынган бир жүргүнчүнү кошпогондо ал жүргүнчүлөрдүн бары мамлекеттик чек араны кесип өтүшкөн

Белгиленгендей, чет өлкөлүк жарандардын Россияга келүүсүнө карата күчөтүлгөн текшерүү чаралары башка чет мамлекеттердин жана Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнүн жарандарына дагы жүргүзүлүп жатат.

Элчиликтин кызматкерлери Россиянын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, КР жарандары менен дагы жолукту.

Пикир

Оставить комментарий