• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шереметьево аэропортунда учак адамды өлтүрө сүзүп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 21.11.2018 /Кабар/. Россиянын Шереметьево аэропортунда Москва-Афина каттамы боюнча учууга даярданып жаткан Боинг-737 учагы учуп-конуу тилкесинде адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу ТАСС агенттигине аэропорттун коомчулук менен байланышуу дирекциясынын директору Анна Захаренкова кабарлаган.

Анын айтуусунда, учуп-конуу тилкесинде учууга даярданып жаткан учактын экипажынан белгисиз нерсе менен сүзүшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүүлөрдөн кийин ал адам экендиги билинген.

“Кырсык болгон жерге медицина кызматкерлери, авиация полициясынын жана транспорт полициясынын кызматкерлери келген. Каза болгон адамдын өздүгү такталган. Баардык маалымат укук коргоо органдарына тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн жиберилген”, - деп билдирген Захаренкова.

Тергөө комитетинен билдиргендей, каза болгон жаран 25 жашта экендиги аныкталган. Учурда кырсык болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда. Андан тышкары, прокуратура тарабынан авиациянын коопсуздук талаптарын коргоо мыйзамынын аткарылышы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий