• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Шерипов: Адам укуктары жана эркиндиктери – Конституциялык түзүлүштүн негиздери

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Адам укуктары жана эркиндиктери – Конституциялык түзүлүштүн негиздери. Бул тууралуу маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, эң негизги баалуулук – адамдын укуктары жана эркиндиктери.

"Адамдын укуктары жана эркиндиктеринин негизинде мамлекеттик органдар курулат. Андыктан алардын ишмердүүлүгү да адам укуктарын камсыздоого багытталышы керек", - дейт ал.

Шерипов аталган секция Конституциянын жаңы долбоорунун 24-беренесинен 55-беренеге чейин карап жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий