• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шестаков: Азык-түлүккө баанын өсүшү көптөгөн факторлорго байланыштуу

Коом 0

Пандемия башталгандан бери көптөгөн азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Бул пандемиянын башындагы суроо-талаптын өсүшүнө жана логистика көйгөйүнө байланыштуу. Пандемия күч алган кезде азык-түлүк менен катар медициналык каражаттардын баасы дагы кымбаттады. Бирок, кандайдыр бир жол менен абалды жөнгө салуу зарыл. “Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүктүн баасын турукташтыруудагы өз ара аракеттери” конференциясынын журүшүндө эксперттер көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоону чечишти, ал “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюштурулган.

Саясат таануучу Игорь Шестаков түзүлгөн кырдаалга байланыштуу пикири менен бөлүштү.

“Азык-түлүккө баанын кымбатташы пандемия башталгандан бери көп талкууланган темалардын бири. Баалар чыныдыгында эле турукташкан жок. Бул биздин республиканын импортко көз карандысыздыгына, ошондой эле доллардын өсүшүнө байланыштуу. Туруктуу кымбаттаган товарлар: кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка. Ошондой эле, жашылчалардын дагы баасы кымбаттап жатат. Абал оор бойдон калууда. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майдын кымбаташы да бааларга таасир этүүдө. Кыргызстандын жаңы өкмөтү бааларды турукташтырууга максат койону менен азырынча ишке ашпай келет. Бул тема Кыргызстанда гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы көтөрүлүүдө”,-деди эксперт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий