• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шестаков: Чек ара маселелери сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек

Коом 0

Социалдык тармактарда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын мурдагы ТИМ башчысы Хамрохон Зарифинин айткандары катуу талкууга түштү. Посттордун алдындагы комментарийлерге жөнөкөй жарандар гана эмес, эксперт жана саясат таануучулар дагы өздөрүнүн пикирлерин калтырышууда. Мисалы, саясат таануучу Игорь Шестаков 90-жылдары Кыргызстан өзүндө болуп жаткан олуттуу көйгөйлөргө карабай тажикстандык качкындарга социалдык-экономикалык жардам көрсөткөндүгүн эске салды.

Зарифинин айткандарына байланыштуу эксперт мындай көйгөйлөр кайым айтышуу менен эмес, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек деп белгиледи.

“Азыркы дипломаттар мамлекеттер аралык диалогго жана өз ара түшүнүшүүнү орнотууну шартташы керек. Мен Тажикстандын мурдагы ТИМ башчысы Зарифинин жазгандарын окугандан кийин ушундай ойго келдим. Анын сүйлөгөн сөзү мага Тажикстандын тышкы саясатын жүргүзгөн адамдын деңгээлин эмес, маалыматтык согушту жетектегендердин аракеттерин көбүрөөк эске салды. Бул жерде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерине бир тараптуу көз караш чагылдырылган. Бул көйгөйлөр бүгүн эле чыга калган жок, ал совет учурунан бери эле келе жатат, ошондуктан Зарифинин көз карашы жана пикири объективдүү болуш керек эле”, - деди Шестаков.

Ошондой эле эксперт наамдарды жана илимий даражаларды манипуляциялоо актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө жардам бербей тургандыгын белгиледи. Шестаковдун айтымында, дипломатиялык ведомствонун мурдагы жетекчиси кыргыз тарапты жөн эле сындай бербей, кырдаалдан чыгуу боюнча конструктивдүү сунуштарды бериши керек.

“Чындыгында эле көйгөйдү чечүү зарыл, бирок Ташиевге жасалган сунуш сыяктуу эмес сүйлөшүүлөрдүн чегинде чечилиш керек. Аягында Зарифи мырза Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү талдай баштаган, бирок Тажикстанда болуп жаткан окуяларга да ушундай көз карашта кароого болот, анткени аймактагы өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөрдү башынан өткөрүп жатышат. 1999-жылдары согушкерлер Кыргызстандын аймагына Тажикстандан басып киргенин эске салгым келет. Демек, эгер сиз ушул республикада кандайдыр бир көйгөйлөрдү издесеңиз, анда алар дагы бар, бирок бул сүйлөшүү столунда отуруп, курч маселелерди чечүүнүн кажети жок дегенди билдирбейт. Ооба, Зарифи мырза кыйынчылык учурда өлкөлөр бири-бирине жардам колун сунушканын туура айткан. Мен Кыргызстандын эли жарандык согуштун кесепеттеринен трагедиялуу окуяларды башынан өткөрүп жаткан 90-жылдары Тажикстан элин колдоого көп нерсе жасаганын эскертип кетким келет. Ошондо Кыргызстан чек ара райондорунан он миңдеген качкындарды кабыл алып, аларга жашаганга шарт түзүп берген. Ошол учурда Кыргызстан өзү дагы гуманитардык жардам көрсөттү жана республика аркылуу БУУнун миссиясы ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”, - деди Шестаков.

Эксперт 1997-жылы жазында Тажикстанда согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу маселесине дал ушул Кыргызстанда кол коюлуп, жөнгө салынганын да белгилеп кетти.

“Мен Зарифи мырза бул окуялардын барын жана чыр-чатактарды жөнгө салууда Кыргызстан кандай роль ойногонун, гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн билет болуш керек деп ойлойм. Бирок эмнегедир бул тууралуу сөз болгон эмес. Менин көз карашымда Кыргызстан менен Тажикстанда чыныгы достук жана ишеним чек арасы болушуна элдик дипломатия дагы чоң роль ойнойт, ошондуктан бул багытта эксперттик коомчулуктун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү стратегиялык миссияны аткара алат деген ойдомун. Мен Зарифи мырзага ушул көйгөйлөрдү чечүүдө конструктивдүү көз карашты карманышын каалайм”, - деди эксперт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий