• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шестаков: Президент маморгандардын өкүлдөрүн экономикалык абалды жакшыртууга көңүл бурууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Саясат таануучу Игорь Шестаков президенттин сөзү ар дайым бийликти сынга алып келген системалуу факторлорго багытталганын, булар биринчи кезекте кадр маселеси жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, аткаминерлер менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери экенин белгиледи.

“Буга чейин мамлекеттик түзүмдөр тарабынан кыргыз элинин көйгөйлөрүнө көңүл бурулбаганы өлкөбүздө митингдердин болуусуна алып келди. Садыр Жапаровдун калк, коомдук уюмдар менен болгон мамилеге көңүл буруп, бардык деңгээлдеги чиновниктер калк менен күн сайын байланышып турушу керектигин айтканы бекеринен эмес. Мындан тышкары, президент мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, эгерде алар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштебесе, алардын кызмат ордун сактап калууга эч кандай эмгеги жардам бербей турганын баса белгиледи. Бул билдирүүлөр жөн жерден эмес. Анын негизги сөзү “саясий оюндардын заманы бүтүп, экономика менен алектенүү мезгили келди” дегени болду. Бул жерде президент мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн экономикалык абалды жакшыртууга көңүл бурууга чакырды”, - деди Шестаков.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес, көптөгөн мамлекеттер экономикалык каатчылыктын оор күндөрүн баштан кечирүүдө.

“Экономикага келсек, президент Кыргызстан Евразиялык биримдиктин мүчөлөрүнүн бири бойдон кала берерин ырастады. Ал бул экономикалык структуранын маанисин белгиледи. Дагы бир маанилүү билдирүү, жаңы логистикалык чынжырга айлана турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен Кыргызстан транспорттук логистикалык аймактык борборго айланышы керек. Бул жагынан алганда, биздин республиканын Борбордук Азиядагы негизги экономикалык борборлордун бири болууга толук мүмкүнчүлүгү бар”, - деп жыйынтыктады сөзүн эксперт.

Пикир

Оставить комментарий