• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шестаков: Жээнбеков үчүн ыңгайсыз ММК жана ыңгайсыз суроо жок

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынынын жыйынтыгы коомдук талкууга алынып, мамлекет башчысынын берген жоопторуна интернет айдыңында ар кандай пикирлер айтылууда. Бул тууралуу эксперттердин пикири кандай? Саясий серепчи Игорь Шестаков маалымат жыйыны тууралуу эксперттик өз караш менен өз баасын берди.

Сөзүнүн башында ал “Кабар” агенттигине белгилегендей, журналисттер менен президентин жолугушуусун уюштурууда бөлүп-жаруу болбой, баардык медиа өкүлдөрү тең бирдей катыша алды.

“Маалымат жыйынында президенттин жооптору көрсөткөндөй, Сооронбай Жээнбеков үчүн ыңгайсыз ЖМК жана ыңгайсыз суроо жок. Иш-чарада оппозициялык, бийликти катуу сынга алган жалпыга маалымдоо каражаттары болду”, - дейт саясий серепчи.

Мындан тышкары, ал акыркы жылдары мурунку президенттин маалымат жыйынында бир себептен улам мындай учур болбогондугун айтты.

“Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйындарында чектөөлөр болуп, баардык эле ЖМКлар ага катыша алчу эмес. Дагы бир жолу кайталап кетейин Сооронбай Жээнбеков ал үчүн ыңгайсыз ЖМК жок экенин көрсөттү. Каалагандар аккредитациядан өтүп, аларды кызыктырган суроолорду бере алышты”, - деп кошумчалады Шестаков.

Андан кийин эксперт Жээнбековго берилген суроолордун мүнөзү тууралуу жана алар кандай максатта берилгенине токтолду. Шестаковдун пикири боюнча, иш-чарага келген медиа уюмдар учурда мамлекет башчысына активдүү түрдө оппонент болуп жаткан өз кожоюндарынын кызыкчылыктарын коргоого аракет кылышкан.

“Бийлик үчүн күрөштө медиа ресурстар саясий партиялардын ЖМКсы катары кызмат кылышууда. Бизде оппозиция - саясий оппозиция. Алар дагы парламентте бар. Албетте, суроолор журналисттердин саясий кызыкчылыктарынан улам эмес алар иштеген ЖМКнын ээлеринин кызыкчылыгынан улам берилди. Менимче , менин өзүм үчүн жасаган башкы тыянактардын бири Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жооптору менен маалыматтык күн тартипти аныктаарын көрсөттү, ал жоопсуз калтырган бир да суроо болгон жок”, - дейт ал.

Шестаков мамлекет башчынын маалымат жыйынынын дагы бир өзгөчөлүктөрүнүн бири катары жети жылдан бери алгачкы ирет президент өз жоопторунда партиясынын же башка бийликтеги партиялардын кызыкчылыктары тууралуу оюн айткан жок.

“Мурунку мамлекет башчы КСДПнын ишмердигине баа берүүгө көп көңүл бурчу, анын жетишкендиктери жөнүндө айтчу. Бул жолу мамлекет башчы жети жыл ичинде алгачкы ирет парламенттик мамлекетте саясий арбитр, партиядан четте экенин, өз ишинде Кыргызстандын коомчулугуна таянарын көрсөттү”, - деп белгиледи ал.

Шестаков сөздөрүнө далил катары президенттин коомчулуктун кызыкчылыктарына багыт алганын бул брифинги эле эмес, жарандык коом, бизнес өкүлдөрү, мурунку өкмөт башчылары жана төрагалар менен жолугушканын айтып өттү.

“Бул жолугушуулар мамлекет башчы кимге таянып, ким үчүн иштеп жаткканын көрсөттү – бул калктын калың катмары. Менимче, бул азыркыга чейин талкууланып жаткан тренд”, - деди ал.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болду.

Үч сааттан ашуун созулган маалымат жыйынында 40 журналист 80ден ашык суроо беришти. Журналисттерди тышкы жана ички саясат, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, экономиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо органдарынын реформасы, сот-укуктук реформалар ж.б. ар кыл маселелер кызыктырды. Ошондой эле Мамлекет башчысынын үй-бүлөсү жана жеке жашоосу тууралуу дагы суроолор болду.

Пикир

Оставить комментарий