• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шевченко чакырык таштаган Сехудону "беттеш" учурунда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды (видео)

Спорт 0


Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко өзүнө чакырык таштаган жеңил жана эң жеңил салмактагы чемпион Генри Сехудону "беттеште" утуп алды. Социалдык тармакта алардын сүрөтү жана видео жарыяланды.

Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порье менен беттешет. Ал иш-чарага аталган уюмдун мушкерлери, анын ичинде Шевченко жана Сехудо да келген.

Эки мушкер бетме-бет жолугушуп, Шевченко тамаша иретинде Сехудону ургулап, муунтуу ыкмасы менен аны "жеңип" алган.

Буга чейин, Генри Сехудо соцтармактан тарыхта биринчи жолу дүйнөдө гендер аралык чемпион болоорун билдирген. Алгачкылардан болуп, Валентина Шевченкого чакырык таштаган. Кыргызстандык мушкер анын чакырыгын кабыл алган болчу.

Пикир

Оставить комментарий