• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шевченко, Макгрегор жана башка мушкерлер Рождество майрамын белгилешкендеги сүрөттөр

Дүйнө 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кечээ, 25-декабрда дүйнө жүзү боюнча Рождество майрамы майрамдалып, UFC уюмунун мушкерлери да четте калган жок деп жазат Sports.ru басылмасы.

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко майрам күнүн Таиландда өткөрдү.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 2020-жылдын 8-февралында АКШнын Техас штатында UFC 247 мелдешинин алкагында америкалык Кэтлин Чукагян менен беттеш өткөрөт.

Ал эми аталган уюмдун жылдызы болгон Конор Макгрегор Рождество майрамын салтка айланып калгандай жубайы жана балдары менен чогуу белгиледи.

Конор Макгрегордун атаандашы болгон Дональд Серроне да үй-бүлөсүнүн курчоосунда майрамдады. Сүрөттө байкалгандай Серроне үй-бүлөсү менен өзгөчө кийим кийип алып Рождествону белгилешкен.

Эскерте кетсек, эки мушкердин Беттеш 18-январда Лас-Вегас шаарында UFC 246 мелдешинде өтөт.

UFCнин жарым оор салмактагы чемпиону Жон Жонс башка мушкерлердей болуп майрамдабай, муктаж болгондорго жардам берүү менен аталган майрамды белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий