• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Шевченко Сантосту утуп, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калды

Спорт 0

Бишкек, 12.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алды.

Шевченко менен Сантостун беттеши UFC 275 турниринин алкагында Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium аренасында өттү.

Кыргызстандык мушкер беш раунддун жыйынтыгында жеңүүчү аталып, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-сентябрында Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий