• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шевченко Жапаровго чемпиондук курун 6-ирет коргоодо кийген мээлейин белек кылды

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, кечээ Кыргызстанга келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

undefined

Өз кезегинде Валентина Шевченко президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий