• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ШИИБ: Батирлерди үй-жайы жоктор, өспүрүмдөр жана ичимдикке берилгендер тоношот

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Батирлерди көп учурда үй-жайы жоктор, өспүрүмдөр жана ичимдикке берилгендер тоношот. Бул тууралуу ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, батирлерди тоноо алардын кожоюндары кызматтык өргүүгө же дачага эс алууга кеткенде жасалат. Үй-мүлкүн, акча каражаттарын сактоо үчүн үйдүн эшигин бекемдөө зарыл. Эгер батир ылдыйкы кабатта жайгашса тордомо орнотуу шарт.

“Батирлерди уурулардан сактоонун дагы бир жолу эшикке сигнализация жана сыртты көзөмөлдөгөн камера орнотуш керек. Бул өз кезегинде уурунун өздүгүн аныктоого жана уурулуктун санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет ”,- дейт милиция кызматкерлери.

Милиция кызматкерлери жарандарды баалуу буюмдарды үйгө калтырбоого жана акчаны сактоодо этият болууга чакырат. Уурулар үй ээси каражатты муздаткыч, таштанды салуучу челектен, плинтустардын астынан, китептердин арасына катаарын жакшы билишет.

Пикир

Оставить комментарий